Бишкек шаарында "абаны булгап жатышат" деген жүйө менен менчик мончолорго рейд жүрүүдө. Бишкек шаардык мэриясынан билдиргендей, мончо иштеткендер жылытыш үчүн ар кандай чүпүрөк, дөңгөлөк, тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жагышат.
"Муниципалдык башкармалыктын демилгеси менен Октябрь районунда менчик мончолорго рейд жүргүзүлдү. Бул рейд санитардык-экологиялык инспекциянын, өрт кырсыгынан куткаруу кызматынын өкүлдөрү жана №6 аймактык муниципалдык башкармалык менен биргеликте жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн алкагында тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды жагып жылытылган мончолор табылды. Аларга административдик укук бузуу фактысы менен протоколдор толтурулду. Бул багыттагы иштер дагы да уланат", - деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Бишкек шаардык мэриясы шаардын аба катмары булганып жаткандыгына байланыштуу өндүрүштүк таштандыларды жана башка зыяндуу заттарды өрттөбөө керек экендигин эскертет. Эгер тургундар тарабынан мындай факты катталса административдик жазага тартылат.
Кошумчалай кетсек, акыркы мезгилде Бишкек шаарынын аба катмары нормадан 20 эсеге ашык булганып жатканы коомчулукка жарыяланып, талкууланууда. Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылынын маалыматы боюнча суук түшкөндөн бери Бишкектин абасынын булганышы мурдагыдан да күчөгөн.