Бүгүн "Ата Мекен" фракциясы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо талабы менен маалымат жыйын берет

"Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 21-ноябрда саат 13:00дө Өмүрбек Текебаев боюнча маалымат жыйын берет. Бул тууралуу фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында орусиялык ишкер, Текебаевдин кылмыш ишиндеги негизги доогер Леонид Маевскийдин камакка алынышы боюнча маселе көтөрүлөт.

"Маевский Орусияда шылуундукка айыпталып кармалды. Бул анын эл аралык деңгээлдеги кылмышкер экенинен кабар берет. Анын көрсөтмөсү менен соттолгон Текебаевдин ишин кайра кароого негиз түзүлдү. Биз укук коргоо органдарынан ишти кайра кароону талап кылабыз", - деди ал.

16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө.

Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазып, ошонун негизинде кыргыз саясатчысы 8 жылга соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан