"ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Оор жүк ташуучу унаа айдаган аял" аталыштагы видео жүктөлдү.
Аталган видео социалдык тармактарга кеңири жайылып, кызуу талкууга алынууда. Айрым малыматтарга караганда видео АКШда тартылган.
Анда май куюучу жайга токтогон оор жүк ташуучу унаада отурган кыргыз аялды көрүүгө болот. Видеону тартып жаткан адамдын унааны башкаруу кыйынчылыкка турбайбы деген суроосуна "жок, баары жакшы" деп жооп берген. Ошондой эле айдоочу аял Нарын облусунун Ат-Башы районунан экенин айтып өткөн.
Көптөгөн интернет колдонуучулар аталган видеого жакшы көз караштагы билдирүүлөрүн калтырып, АКШда жүк ташууда унаа айдаган кыргыз айымдарынын жана жигиттеринин саны арбын экенин белгилешкен.