Индиялык белгилүү актёр Амитабх Баччан жердештеринин карызын төлөө үчүн 560 миң доллар каражат жумшады

Болливуд жылдызы, белгилүү актёр, саясатчы Амитабх Баччан жердештеринин карызын төлөө үчүн 560 миң доллардан ашуун каражат сарптады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, актёр 1 миң 398 дыйкандын банктагы карызын төлөгөн.

Маалым болгондой, Индиянын Уттар-Прадеш штатынын 1398 тургуну Улуттук банктан насыя алып, бирок акчаны кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болгон. Мындан улам Амитабх Баччан жердештеринин карыздарын төлөгөн. Эми ал тургундар менен жолугуп, аларга насыяны төлөгөндүгү тууралуу кагаздарды тапшырат.

Дыйкандар кризиске кабылып, насыялардын пайызын өстүрбөөнү, убагында төлөбөгөндүгү үчүн кошулган туум акчаларды алып салуусун талап кылышкандан кийин 76 жаштагы актёр дыйкандарга жардам берүүнү колго алган.

Амитабх Баччан 1942-жылы 11-октябрда Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Аллахабад шаарында төрөлгөн. Ал актёр катары "Ананд", "Дубал", "Акыркы үмүт", "Өч алуу жана мыйзам", "Улуу Гэтсби" жана башка тасмаларда роль жараткан. 1984-жылы саясатка келип, 3 жылдан кийин кино дүйнөсүнө кайткан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asefsa
2018-11-21 13:25:32
Менин суйуктуу актёрум!
+5
zzz---zzz
2018-11-21 17:20:32
Аллах ыраазы болсун сизден Амитах Баччан мен да уулум ушинтип айыдаштарыма Кыргыз элиме жардамы тийген азаматы болсун
+4
Peri1288
2018-11-21 23:29:55
Аллах ыраазы болсун, бизде да ушундай инсандар кобойсун!
+2
vikidiki
2018-11-22 11:22:15
Чыныгы патриот деп ушуну айт. Калганын жазбасам да тушунуктуу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан