Ош шаарынын Жапалак айылында 13 жаштагы мектеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери билдирди.
Маалыматка ылайык, 13 жаштагы өспүрүм 11-ноябрь күнү сарайга кирип жипке муунуп калган.
"Бизге жеткен маалыматтар боюнча, асынып алган балага ата-энеси туугандары тарабынан эч кандай жаман мамиле жасалган эмес. Ал окуя болордон бир күн мурда конокко барып, эртеси малын карап жакшы эле абалда жүргөнүн айтышууда. Өспүрүмдүн муунуп калганын туугандары кечке маал көрүшкөн. Ошондой эле анын бир тууган агасы да мурда асынып каза болгону айтылууда", - деди басма сөз кызматкери.