Мадумаров: "Шайлоодо кол топтоону токтотобуз"

"Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына 1,5 миллиард сомдон ашык акча каражатын короткон. Бул каражат кыргыз бюджетинин 51 пайызын түзөт". Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрдагы маалымат жыйында саясатчы Адахан Мадумаров айтып чыкты.

Жогоруда аталган каражат кагазга түшүрүлгөнү, ал эми кагазга түшүрүлбөгөнү дагы көп дейт Мадумаров.

"Шайлоо күнү колдон-колго берилип жаткан акчанын эсеби жок да. Ошол себептен Шайлоо кодексин өзгөртүү керек. Бир сом, эки сом акча каражаты менен эмес, акыл менен таразага түшүшү керек", - деди Мадумаров.

Мындан сырткары Алмазбек Атамбаевдин саясатта калышы боюнча эки көз карашта экенин билдирди.

"Экс-президентке жамандык каалабайм. Бул нерсеге эки көз караш менен мыйзам жана ыйман тарабынан караш керек. Кеткен кишилер жаш курагына карабай, бейтарап болуусу керек. Мыйзам боюнча караганда, Кыргыз жараны катары ар кандай иш менен алек болууга укугу бар", - деди Адахан Мадумаров.

Адахан Мадумаров: "Президенттердин кайым айтышуусу боюнча улуттук макамдагы комиссия түзүлүшү керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан