"Курултайга биринчи жетекчилер келбесе да экинчи, үчүнчү катардагы башчылар келет деп үмүттөнүп жатабыз" дейт элдик курултайдын уюштуруучусу

"Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге чакыруу жөнөттүк", - деп бүгүн, 22-ноябрда маалымат жыйында элдик курултайдын уюштуруучу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө алардын иш-чарага катышуусу каралып жатат. "Курултайга биринчи жетекчилер келбесе дагы экинчи, үчүнчү катардагы башчылар катышат деп үмүттөнүп жатабыз. Анткени биздин максатыбыз азыркы оор, татаал мезгилде бийликти, бардык күчтөрдү ызы-чуу менен эмес сүйлөшүү жолу менен тиешелүү чечимдерди кабыл алып, аянтча түзүү", - дейт ал.

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан