Индияда пилдер үчүн алгачкы оорукана ачылды

Индиянын Уттар-Прадеш штатында пилдер үчүн алгачкы оорукана ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, жаныбарларды коргоочулар жана жергиликтүү тургундар аталган саамалыкты жылуу кабыл алышты. Пилдердин ооруканасы келечекте туристтерди кызыктыра турган объектиге айлануусу күтүлүүдө.

Оорукана "Wildlife SOS" уюмунун жардамы менен салынып, заманбап аппараттар менен жабдылган.

Азыркы тапта аталган ооруканада 20дан ашуун пил дарыланууда. Алардын көбү адамдар тарабынан кордукка жана зомбулукка туш болгон.

Акыркы жылдарда Индияда пилдер ар кандай оорулардын, кырсыктардын жана аңчылардын колунан көп өлүп жаткандыгы айтылып келет. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 25 миңден ашуун жапайы пил калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2018-11-22 17:53:32
Соонун го именно пилдин эми зоопаркын ачса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан