ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сотто жактоочулардын суроолору жоопсуз калууда

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги январь айында жаралган өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши каралууда. Анда Бишкек жылуулук борбору менен "Электр станциялары" ишканасынын юристтери ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилеген чыгымдар боюнча суроолорго жооп беришүүдө. Бирок алар жактоочулардын каржы жана чарбалык иштерине байланышкан көптөгөн суроолорун жоопсуз калтырууда.
Маселен "Электр станциялары" ишканасынын юристи жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатып ишкана ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга январь жана февраль айында 466 жумушчу тартылганын айтты. ЖЭБдеги кырсыктан кесепетин жоюуга тартылган жумушчуларга айлык акы, андан сырткары түнкү, дем алыш күндөрү иштеген күндөрүнө өзүнчө акы төлөнүп берилген. Андан сырткары премия да каралган. Бул үчүн 4 миллион 577 миң сом коротулганын айтып, бирок жумуш канча күн жүргүзүлгөнүн айта алган жок. Жоопсуз калган суроолорго кийинки отурумдарга аталган эки ишкананын эсепчилери менен чарбалык ишин билген адистер келип жооп беришмей болду.

Аталган эки ишкана энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан