Интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Бүгүн, окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада орун алганы аныкталып тарбиячы менен жардамчысы иштен алынды. Ошондой эле тарбиячынын үстүнөн ата-энелердин бири милицияга арыз менен кайрылды. Ал видеодогу Ширин аттуу тарбиячы менен SUPER.KG порталы байланышканда, окуянын чоо-жайын айтып, балдарды "сабаган эмесмин" деди.
"Менин бала бакчада иштегениме 5-6 жыл болуп калган, мындан 3-4 ай мурун мага жардамчы кыз келген. Анын жашы жете электигине байланыштуу ага балдарды кандай караш керектигин үйрөтүп, акыл-насаатымды айтчумун. Бирок ал кыз такыр баш бербей койду. Балдар кичинекей болгондуктан айрым учурларда алар шымын булгап коюп жуунтууга туура келчү.
Жардамчым муздак сууга жуунтуп, айрым балдардын денеси көгөрүп калганын айтып жетекчиге киргем. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок, анын жаштыгына шылтап, үйрөнүп кетет деп тим болушту. Мен акыры чыдабай аны жумуштан кетиргиле дегенге чейин баргам. Бирок анда да жыйынтык болгон жок, ошондо өзүм иштен кетем деп кирдим. Бирок мага жетекчибиз "айлыгыңды көтөрүп беребиз, бизге керексиң" деп болбой алып калган. Бул нерсеге жаш жардамчым жиндеп, кек сактап калган экен. Көптөн бери мени жашыруун видеого тартып жүрүп, анын баарын кураштырып монтаждаптыр. Мындай айтканда менден ушул жол менен өч алды көрүнөт", - дейт тарбиячы.
Белгилүү болгондой, окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада орун алган. Милицияга арыз менен кечээ, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Дилфуза Д. аттуу тургуну кайрылып, анын 3 жаштагы кызын тарбиячысы урганын билдирген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Видеону жөнөткөн адам тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.