12-июлда Ош-Баткен-Исфана-Худжанд унаа жолунун 271-360-чакырымын куруу башталды. Иш-чаранын ачылышына транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, Кытайдан келген өкүлдөр жана Президенттик аппараттын өкүлдөрү катышты. Айта кетсек, бул жолдун курулушу бир нече донорлордун колдоосунда ишке ашып жатат. Жолдун курулушуна 162,55 миллион доллар каражат каралган. “Бул жол ак жолтой жолдордон болсун. 3 жылдан кийин бул иш толук бүтүп, Баткен жана Лейлек эли заманбап жол менен каттап калат”,- деди транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов.