Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде кичинекей баланы башка уруп мал менен салыштырып, дагы бир кызды урган тарбиячы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголгон.
"Факт боюнча тарбиячы, аны видеого тарткан жардамчысы жана бала бакчанын жетекчиси суракка алынган. Өткөн аптада тарбиячынын баш коргоо чарасы каралып, ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Учурда иш тергөөдө", - деп билдиришти милициядан.
Бул окуядан кийин Жалал-Абад шаарынын аймагындагы 22 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкери текшерүүгө алынмак болгон.
Эске салсак, 21-ноябрда интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.