15-ноябрда адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган.
Буга байланыштуу 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкий өз өмүрүнө кооптонгондуктан өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Ал "кара касса" боюнча жалпысынан 12 миллион сомго жакын акча алганы тууралуу маалымат коомчулукта талкуу жаратты. Нурбек Токтакунов жарыялаган файлда "Василивецкий Алексей" жана "Смета АВ" деген бөлүктөрдү көрүүгө болот.