Бишкекте ыйлап жардам сураган аялды унаасына камап алган таксист кармалды

Бүгүн, 27-ноябрда социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар белгисиз аялды унаасына камап алган таксистти жазага тартууну өтүнүшкөн. Учурда видеодогу адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, окуянын чоо-жайы аныкталып жатканын SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

"Видеодогу эркек кишинин аты-жөнү аныкталды. Ал 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу жаран экендиги такталды. Учурда ал кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Окуянын чоо-жайы аныкталып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, видеону социалдык тармактарга жүктөгөн колдонуучу жардам сурап кыйкырган аял сыртка чыгууга аракет кылып жатканын жазган.

Бишкекте унаасына аялды камап алган таксистке "зордуктоого аракет жасоо" менен кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
evidens
2018-11-27 22:43:30
Аягына чыккыла эми,акча берсе аа бул иш боюнча тергоо журуп жатат деген бойдон коендун суротун тартпай...
+7
jypara1415
2018-11-27 23:15:03
Менимче жубайы , экөөнүн ортосунда чыр чыккан .
-8
Feiza1982
2018-11-27 23:18:35
jypara1415,жубайы болсо аркасына өтүп алмак беле күйөөсүда кыз жап жаш болуп турбайбы жардам сурап жатат баакырып ыйлап .ХХХХХХХ десе жазасын алсын чакал коюп ыйманы жок чоң ата болуп небере көрүп калган чыгаар бул адам ХХХХХХХХ!!!
+5
jypara1415
2018-11-27 23:40:36
Feiza1982, сабыр кылып күтө тургула !
Себеби аныкталгыча , ар кандай версиялар болушу мүмкүн .
0
munar1980
2018-11-27 23:34:51
Ар айда ойнолуучу жакшы кабарга Смартфон берилчи эле го бергиле ушул жигитке
Азамат бала экен жакшылык кылыптыр биздин ыйык болгон Аял затын колдоп коргоптур.
+9
baltabaev
2018-11-28 00:25:49
Аныктап иликтегенинерче целое вечность пройдёт (((
+6
kentavr
2018-11-28 00:28:57
кыйын болбогула окуянын чоо-жайын билбей туруп, мындай окуя менин да башыман өткөн, докчул кызга жолуккам.
+1
BekAmir
2018-11-28 01:06:06
Билбегенден кийин уламыш кылбай тургула. Азыр таксисттерди подстава кылып иштеген кыздар толтура
-2
Busi06
2018-11-28 01:17:11
BekAmir,таксисга аркасынан отуруп алып ага п.. Барбы анда озунун жумушун аткарсын жеткирсин и кетсин аркасында балее барбы ага? Же таксистер ошентип иштейби?
+4
Paprikafm
2018-11-28 01:30:50
Жазасын алсын, молдонун кейпин кийип, сакал коюп койнок кийип алганын кара, ушуга окшогондордон коркуш керек, кыз келиндердин укугу эмнеге корголбойт, уф мен прездент болгондо дароо өлүм жазасына тартмакмын, бирок билип кой, ХХХХХХХХХХХ
+5
neizvesnyi
2018-11-28 12:45:33
Paprikafm,Азыр олум жазасын киргизген не стоит баягы эле колунда барлар акталып чыгып кетет Бир бей бечара акчасы жок адам олуп кете берет. Мыйзам жок кыргызстанда ойлонуп жаз
+2
Totyua.71.
2018-11-28 01:46:01
Куткарган балдар,Азаматтар демекчимин,булар болбосо не болот эле ким билет?
+5
Astahfirullah
2018-11-28 02:10:37
Окуянын чоо жайын билбей туруп эле, ар кайсыны айта бербегиле да. Же видеону киргизген соң так маалыматы менен киргизиле, жөн эле тарта бербей, бирок жардам бергени абдан жакшы, ар кандай болушу мүмкүн
0
tynara81
2018-11-28 09:21:59
Рекламасы чыгат да ана видеосу көрсөтпөйт менде,эмгеге ? Андай экен рекламаңарды да көрсөтпөгүлө !!
+4
deva
2018-11-28 09:55:47
Балким жетер жерине жетип төлөбөй жаткандыр. Азыр опасный кыздар да көп
+2
katerina.li
2018-11-28 10:42:44
deva,опасный эркектер да коп
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан