Орусияда такси айдап жүргөн Кыргыз жараны жол четиндеги мамыны сүзүп, жанында бараткан 28 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты. Маалым болгондой, кырсык Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде 25-ноябрь күнү кечинде болгон.
"Кара-Суу районунунда төрөлгөн 28 жаштагы Камчыбек аттуу жаран 25-ноябрь күнү өзү менен бирге жашаган таксист бала менен чогуу жүргөн. Бирок такси жолдун тайгалактыгынан улам жол четинде турган мамыны, андан өтүп, даракты сүзүп алган. Жыйынтыгында Камчыбек кырсык болгон жерде каза болсо, рулда отурган мекендешибиз аман калган. Учурда ал кырсыкка байланыштуу сот иштери менен жүрөт. Ошондуктан маркумдун сөөгүн Кыргыз жерине жиберүү үчүн мекендештерден акча чогултуудабыз", - деп кабарлашты кайрымдуулук фонддон.