Кара-Суудагы 31 окуучунун катышуусундагы мушташуу боюнча иликтөө иштери улантылууда. Учурда жабырлануучу ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ал денесинин 9 жеринен жаракат алып, абалы оор, бирок туруктуу бойдон калууда.
Облустук милициядан бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына билдиришкендей, учурда мушташка катышкан балдарды суракка алуу улантылууда.
"Мушташкан балдардын баары суракка алынып жатат. Алар караңгы болчу, жабырлануучунун денесине ким жаракат келтиргенин билбейбиз деген жоопту гана айтып жатышат. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон, тиешелүү экспертизалар дайындалган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Мушташтын кесепетинен Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н. уулу Н. аттуу тургуну денесинин ар жеринен миздүү нерсе менен жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучу 9-классты аяктап, Жоош айыл өкмөтүндөгү кесиптик лицейде окуп келген. Аны окуу жайдын балдары кемсинтип, анын айынан бир нече жолу чыр-чатак чыкканы да маалым болгон.