Кыргыз өлкөсүнө акыркы беш жылда визасыз кирген туристтердин саны 40 миңден 113 миңге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.
Жыйынында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.
"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторов аталган мыйзамды киргизүүдө терроризм, экстремизмге тийиштүү маселелер дыкат каралуусу керектигин билдирди.
Мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешев: "Чет мамлекеттерден өлкөгө көптөгөн жарандар келип жатканын айтып, 60 күндүк визасыз режимди киргизбей койсо, коопсуздук маселеси дароо чечилип калабы? Визасыз режимди киргизсек, туристтердин Кыргыз мамлекетине келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт. 2030-жылга чейин визасыз режимди киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп бергиле", - деди.
Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун билдирүүсү боюнча, учурда Кыргыз мамлекети менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекетке барыш үчүн алдын ала виза алуу талап кылына турганын белгиледи.
"Акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтер көбөйгөн. Былтыр визасыз режим кирген өлкөлөрдөн 99 миңге жакын турист келген", - дейт Максат Дамир уулу.