Түркияда мыйзамдуу түрдө иштеген Кыргыз жарандарына пенсия төлөнө баштайт

Кыргыз-Түрк өкмөттөрү бири-биринин жарандарынын эмгек тажрыйбасын таанып, пенсия төлөп баштоосу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген мигранттарына пенсия төлөй баштайт.

"Мисалы, Кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш", - деди Ирсалиев.

Учурда Түркияда 14 жарым миӊ Кыргыз жараны иштесе, Кыргыз мамлекетинде 5,3 миӊ Түрк жараны эмгектенет. Келишим ратификацияланып калса, Кыргыз мамлекети Түркияга жылына 10 миллион сом которуп турууга тийиш.

Мындан тышкары Түштүк Корея менен дал ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Ирсалиев кошумчалады.

"Түштүк Кореяда 15 миӊ Кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргыз өлкөсүндө 250 Корей жараны иштейт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Feiza1982
2018-11-29 00:43:23
Жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан