Кыргыз жерине алыс жактан учуп келген сейрек кездешүүчү канаттуулардын саны көбөйдү. Буга "Соң-Көл" жана "Ысык-Көл" биосфералык аймактарындагы фотокапканга тартылган сүрөттөр далил боло алат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Агенттиктин маалыматы боюнча Кыргыз жерине жыл сайын 350дөн ашуун сейрек кездешүүчү канаттуулар учуп келишет. "Кызматкерлерибиз жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөгө, жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу керектигин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.
"Куркулдак куулар кыштоого келип, уя курушат. Мергенчиликке тыюу салынганына карабастан куркулдак куунун саны азайып кеткен. Азыркы тапта алардын саны 991ге жакын. Илегилектин саны да азайып кеткен. Булардын түрү жок болуу коркунучунда турат. "Ысык-Көл" биосфералык аймагында 1-2 кара илегилек уя курган. Жалпысынан Кыргыз жеринде тоодак, тоо каздары, кара баштуу чардак, ак чардактар байырлашат, - деп билдирет Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги.