Камчыбек Жолдошбаев өкмөттүн өкүлүнө: "Кулагыңыз укпай калса, башка жакка жылыш керек"

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин өкүлү Ашырбек Темирбаев тууралуу сөз кылды.

"Ашырбек Мойдунович Медеткан Шеримкуловдун убагынан бери иштеп келүүдө. 30 премьер-министр алмашты, бул киши дале иштеп жатат. Кулагы дагы жакшы укпай калганбы? Баягы күнү сөз айтсак, ал "мындай болуптур, тигиндей болуптур" деп жатат.

Ашырбек Мойдунович, укпай калсаныз башка жакка жылыш керек. Өкмөттүн өкүлү депутаттардын сөзүн тактап жеткириш керек. Премьер-министрдин иши көп, кемчиликтери дагы жок эмес. Депутаттар айткан маселелерди такташыңыз зарыл. Андай иштебесеңиз ордуңузду бошотууңуз шарт", - деди депутат.

Ашырбек Темирбаев депутат тарабынан айтылган сындарды жоюуга аракет кыларын убадалады. "Сиз айткан жетишпеген жактарымды жоём. Кулакты дарылайын. Экөөбүз дос болуп жүрөбүз, бир куракта жашап жатабыз. Сизге таарынбайм, урматтайм", - деп жооп берди Темирбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан