Комуздан бакыт тапкан комузчу Айсаана Оморова эми жеке ырчы болот

"Ордо сахна" этно-фольклордук театрынын мурунку ырчысы, "Мурас" фольклордук ансамблинин солисти Айсаана Оморова эми жеке ырчы болот. Ал бул тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Учурда Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын вокал факультетинде 2-курста окуп жатам. Мындан улам жеке ырчы катары чыгууну чечтим. Буюрса, эстрада жана элдик ырларды ырдайм. Буга чейин бир нече обондорду жазгам. Азыр ошол обондорума ыр жаздырып жүрөм. Бирок "Мурас" фольклордук ансамблинен кетпейм. Ал топ менен чыгармачылыгымды улай берем. Учурда ансамбль жеке альбом чыгаруунун үстүндө иштеп жатат", - дейт ал.

Айсаана Оморова 1997-жылы 2-июнда Чүй облусунун Кант шаарында төрөлгөн. 6 жашында комуз чертип, Кенже Кубатова менен Зайнидин Иманалиев жетектеген "Жаш тилек" ансамблинде окуган. 2012-жылы "Устат-шакирт" долбооруна келип, ооз комуз, жыгач комуз черткенди үйрөнгөн. Андан кийин "Ордо сахнага" келип, ал жакта 5 жылдай иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан