Министр: "Кыргыз мамлекети эгемендикти алгандан бери өлкө бюджетин колдоого 2,6 миллиард доллар насыя алган"

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2017-2018-жылдардын бюджетинин аткарылышынын отчётун жана 2019-2020-жылдарга божомолун талкуулады.

Жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери өлкө бюджетин колдоого 2,6 миллиард доллар жеңилдетилген насыя жана грант түрүндө акча алынганын билдирди.

"Каражаттын көп бөлүгү 1990-жылдары алынган. Негизинен алынган каражат ар кандай мамлекеттик программаларды ишке ашырууга алынган", - деп билдирди каржы министри.

Депутаттар "каражат берип жатат деп чет жактан ала берүүнү токтотуу керек, анткени алгандын бергени бар" дешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан