Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильев: "Эгер өлкөдө электр энергиясынын көлөмү жетиштүү болсо, анда электромобилге өтсө болот"

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна ЖЭБдин мурдагы директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильев жооп берди.

Анын пикиринде, электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалардын экология үчүн пайдалуулугу жогору.

"Албетте, бизде баланста бар болгон электр энергиясынын жетиштүүлүгүн караш керек. Гидроэнергетика канча энергия берет, мунун баарын анализдеп чыгуу зарыл. Эгер энергия жетиштүү болсо, анда электромобилдерге өтсө болот. Буга байланыштуу чоң систем, чарба, подстанцияларды орнотуу керек. Ал эми бензин жана солярка менен жүргөн унаалар абага зыян заттарды чыгарат", - деди Васильев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Калича Өмүралиева, экологдор Эмил Шүкүров жана Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан