Бишкек шаарындагы "Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода орду толугу менен күйүп кетти. Жабырлануучулар өрт чыккан аймакта күйүп кеткен товарларын көрүп, келтирилген чыгымды эсептеп, түшүндүрүү кат жазуу менен алек.
Тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жеринде соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жыл башынан бери төртүнчү ирет катталып жаткан өрт кырсыгы базар жабык болгон күндөрү катталып жатканын айтып чыгышты.
Белгилей кетсек, 4-декабрга караган түнү "Ош базарында" өрт чыккан. Өрт чыкканы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:39дар чамасында келип түшкөн. Аймактык тескөөчү кечээ базар жабык болгонун жана өрт чыккан аймакта ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.