Депутат өкмөт мүчөлөрүнө: "Бир сүйлөмдү өзгөртүп алып келе бербей, элге пайдасы бар мыйзам долбоорун алып келбейсиңерби"

Бүгүн, 5-декабрда парламент жыйынында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Талкуу учурунда депутат Аалы Карашев бул мыйзамды кабыл алууда элге кандай пайда алып келерин сурады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жарандардын репродуктивдүү укуктарына бир гана Саламаттыкты сактоо министрлигине жүктөлбөй, комплекстүү жоопкерчилик алына турганын билдирди.

Эл өкүлү Саламаттыкты сактоо министрлигинин милдетин жалпы өкмөткө жүктөп коюп жатасыңар деген нааразычылыгын айтты.

"Мындай маселелерди министрлик эле чечип койсо болот. Жүздөгөн мыйзам долбоорун алып келесиңер эч өзгөрүү жок, ачып окусаң 1 же 2 сөзүн өзгөртүп койгон болосуңар. Өкмөткө жүктөй бербей, элге пайда алып келе турган мыйзам долбоорлорун алып келбейсиңерби?!" - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан