Депутат Карамушкина: "Сузак району жашы жете элек өспүрүмдөрдүн турмуш куруусу боюнча алдыда"

Кыргыз мамлекетинде Сузак району эрте турмуш кургандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда парламенттик жалпы жыйында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

"Сузак районунда 15-16 жаштагы кыздарын турмушка берип жатышат. Эмнеге Саламаттыкты сактоо министрлиги маани бербейсиңер?" - деп сурады эл өкүлү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, мектеп курагында кош бойлуу болгон 3 расмий иш катталган. Бул иш тууралуу тиешелүү чаралар көрүлгөнүн, мындан тышкары эрте турмуш куруу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Өлкө аймагында расмий эмес маалымат боюнча, 20-22 пайыз жашы жете элек өспүрүмдөр төрөгөн. Ал эми так расмий маалымат жок экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erlan2196
2018-12-05 11:42:53
Ата энелер кыздарынарды турмушка бергенден шашпагыла. Эн биринчи кызынардын оюн сыйлагыла. 21 жаштан кийин деле кетсе болот.
+1
Missing-u
2018-12-05 11:58:11
Себеби ал жерлерде озбектер коп жашайт аларга айтсан деле боптур деп бере беришет аларда салт ошондой,бизде тойду токтоткула деп токтото албагандай Эле аларга да айтып жеткире албайсын же закон катуу иштеш керек
+3
AIA-TOO
2018-12-05 12:19:13
Ушул нацисткада тажатты.
-1
Take_men
2018-12-05 13:05:54
100% жээндер берет кыздарын мындай эрте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан