Башкы прокуратура декларацияда толук мүлкүн көрсөтпөгөн чиновниктерди аныктады

Башкы прокуратура декларацияда толук мүлкүн көрсөтпөгөн чиновниктерди аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациясын текшерген. Тышкы иштер министрлигинде иштеген кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган.

Алар:

Стамбул шаарынын башкы консулу;

Стамбул шаарынын вице-консулу;

Кыргыз мамлекетинин Бириккен Араб Эмиратынын элчилигинин кеңешчиси;

Бириккен Араб Эмиратынын элчиликтин үчүнчү катчысы;

Бириккен Араб Эмиратынын элчиликтин башкы адиси;

Иран өлкөсүндөгү элчиликтин кеңешчиси;

Германиядагы элчиликтин кеңешчиси;

Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы;

Кыргыз мамлекетинин башкы консулдугунун Екатеринбургдагы консулу. Башкы прокуратура аларды жоопкерчиликке тартуу максатында Тышкы иштер министрлигине сунуштама жөнөттү.

Ошондой эле административдик жоопкерчиликке Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, Баткен шаарынын мэри, Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын мурдагы жетекчиси, БШКнын Баткендеги мурдагы атайын өкүлү, БШКнын Ак-Суудагы атайын өкүлү, БШКнын Ноокаттагы атайын өкүлү, БШКнын Таш-Көмүрдөгү атайын өкүлү тартылды.

Мындан тышкары прокуратуранын кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бишкек прокуратурасынын коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокурорунун жардамчысы, Чүй районунун прокурору, Чүй облустук прокуратурасынын адиси, Чүй райондук прокуратурасынын адиси, Ысык-Көл облусундагы прокурордун ага жардамчысы, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кылмыш жана сот өндүрүш бөлүмүнүн ага прокурору, Ысык-Көл облусундагы Түп райондук прокурору, анын орун басары, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын прокурорунун ага жардамчысы, Ысык-Көл облусундагы Түп районунун прокуратурасынын адиси, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун прокурору, Талас облусунун Манас районунун прокурору, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын прокурору, Башкы прокуратуранын жарандарды кабыл алуу жана документ жүгүртүү бөлүмүнүн башкы адиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан