Көзү азиз акын Темирлан Ормуков боюнча Жогорку Соттун судьясына сөгүш жарыяланды

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков боюнча Жогорку Соттун судьясы Арзыбек Акыевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Коомдук талдоо институтунун" директору Рита Карасартова билдирди.

Карасартова аталган уюм сот системин мониторинг кылуунун жүрүшүндө Акыевге Соттор кеңешинин тартип комиссиясы сөгүш берген чечим менен таанышканын айтты. "Коомдук талдоо институтунун" директору Жогорку Соттун судьялары Качыке Эсенканов менен Каныбек Бокоевдин күнөөсү жок деп табылганын кошумчалады.

Окуянын чоо жайы:

Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң айткандары жалган делип, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарганы кабарланган.

Кийин Темирлан Ормуков 29-мартта Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынганы жатканда жактоочусу келер алдында ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. Кийин кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. 5-апрелде тергөө иштери бүткөнгө чейин 2 ай убактылуу кармоочу жайда кармалат деп СИЗО-1ге камакка алынган. Ага карата киргизилген 2 айлык санкциянын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, ал 14-майда боло турган сотуна чейин бошотулган.

2-июлда Башкы прокуратура көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун мыйзамсыз камалышы боюнча Жогорку Соттун үч судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn7776
2018-12-06 09:57:50
Кандай создор менен согуш жарыяланды? Жарыялабайбы?
+1
CEO1
2018-12-06 10:13:34
Баракелде!!! Сокенин сот реформасы ушул болсо адилеттуулук, жакшылыктан умутунорду узуп эле койгула.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан