Алексей Ширшовдун мурдагы жан сакчысы Талантбек Иманов "Дастан" ачык акционердик коомунун өнүктүрүү иштери боюнча директору болуп иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден ырасташты.
Белгилүү болгондой, ал буга чейин "Дастанда" күзөтчү жана Алексей Ширшовдун жан сакчысы болуп иштеген.
Ширшов Максим Бакиевдин жакын досу жана санаалашы болгон. Ал Курманбек Бакиевдин тушунда өлкөнүн энергетикалык тармагын жетектеген.