Бишкекте дарыкананы тоноп, 22 миң сом акча алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрь күнү Ленин РИИБине тоноочулук фактысы болгон тууралуу билдирүү түшкөн. Анда белгисиз 3 адам дарыканага кирип, тапанча менен коркутуп 22 миң сом акча алып кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган И.А. жана 2002-жылы туулган М.у.Б. кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн батиринен тапанча, бет каптар жана баңгизат табылган.
"Учурда бул кылмышка катыштыгы бар үчүнчү шектүүнү издөө иштери жүрүүдө. Ал эми кармалган 1997-жылы туулган И.А. соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, 2002-жылы туулган М.у.Б. соттун чечими менен Чүй облусундагы Вознесеновка айылындагы №14-өспүрүмдөр колониясына жиберилди", - деп айтылат маалыматта.