super.kg logo

Чүйдө акчасын көбөйтүп берем деген убада менен 29 адамдын акчасын алып, изин жашырып кеткен аял кармалды

 

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 39 жаштагы аял кармалды. Ал акчасын көбөйтүп берем деген убада менен 29 адамдын акчасын алып, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ноябрь айында Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал тааныш аял анын ишенимине кирип, акчасын "көбөйтүп берем" деген жүйөө менен 17 миң евро акчасын алып, изин жашырып кеткенин айткан.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Б.Н. аттуу аял кармалган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө анын үстүнөн алданып калган адамдардан 29 арыз келип түшкөн. Учурда тергөө амалдары аяктап, жакынкы убакыт аралыгында сотко өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.12.2018. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1288
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
26-09-2019 14:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
0
Акчасын банкка депозитке салса ишенимдуу болмок.
Эми акчасын тук да кайтарып бербесе керек алаяк аял.
07.12.2018. 21:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
17-10-2019 16:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Сүрөтү барбы супер инфо эгерде сүрөтүн көрсө дагы башка жабырланган адамдар чыкмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132491;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: