Кытайда дарыгер бейтапты операция учурунда акча төлөөгө мажбурлады

Кытайда дарыгер бейтапты операция учурунда акча төлөөгө мажбурлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя Ланчжоу провинциясында болгон. Яо аттуу адам ичи ооруп жатканын айтып ооруканага кайрылган. Дарыгер ага операция жасоо керек экенин айтканда бейтап макул болуп, 83 доллар төлөгөн. Операция жасалып жаткан учурда дарыгер Яонун башка дагы ички органдары жабыркаганын айтып, кошумча 2500 доллар акча төлөбөсө операцияны улантпай турганын айткан.

"Мен оор дартка кабылыптырмын деп ойлоп, абдан коркуп кеттим. Ошондой эле ооруну сездирбөөчү укол сайылгандан улам уйкум келип жаткан. Дарыгер менен тартыша турган абалым жок эле. Алар жараатымды тигип, кассага жөнөтүштү. Айла жок айткан акчасын төлөп келдим. Операциядан кийин башка дарыгерден кеңеш сурасам, ал мага жасалган операция 200 доллар турарын айтты", - деп билдирген бейтап.

Яо айыккандан кийин дарыгердин жана оорукананын үстүнөн жергиликтүү полицияга арыз жазган. Дарыгер сот жообуна тартылса, оорукана Яого 6000 доллар компенсация төлөп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Haanykeeim
2018-12-07 12:39:34
Мына сага шумдук.
+4
Zynk.kg
2018-12-07 13:00:16
Макаланын акырын тушунуксуз жазышкан .
-9
bek_tash
2018-12-07 13:27:00
Zynk.kg,түшүнүктүү эле. Операция жазаган врач соттолуптур, ошол иштеген оорукана 6000 доллар төлөп бериптир яо го
+6
nursiyanur
2018-12-07 14:50:25
Биздикилер укпасын
+5
Keku
2018-12-08 00:09:56
nursiyanur,оной олжо экен дейсизби?))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан