Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев: "Бизде да АКШдагыдай президент өкмөттү башкарып, премьер-министрдин милдетин аткарышы керек"

Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген соболуна саясий серепчи Алмазбек Акматалиев жооп берди.

Ал парламентаризмден көңүлү калганын белгиледи.

"Партиялар шайлоого келе жатканда шайлоочулар көңүл буруучу убадаларды деле берген эмес. Ошого убадаларын аткарбай жатат деп айтуу кыйын. Партиялар убадалар менен да, программа менен да чыккан эмес. Районду бөлүп алып эле иштей беришти. Биз адамдарды эмес, партияны шайладык. Платформасын окуп чыккандар дагы болгон жок. Ким депутат болорун партиянын лидери чечти. Ушул систем менен кетсе, жоопкерчилик эч кимисинде болбойт экен. Партиялар идея менен бирикпей эле “Асандын партиясы”, “Үсөндүн партиясы” болуп түзүлгөн. Азыр фракция менен партия өзүнчө болуп калды. Учурда бизге кандай башкаруу системи керек, ушуну ойлонуу убактысы келди. Мен парламентаризмге ишенген адам катары бул башкаруудан көңүлүм калды. Парламентаризм жоопкерчиликке, тең салмактуулукка, стабилдүүлүккө алып барбайт деген тыянакка келдим. Бизде да АКШдагыдай президент өкмөттү башкарып, премьер-министрдин милдетин аткарышы керек. Ошондой эле күчтүү парламентти, сот бийлигин түзүү зарыл. Жергиликтүү бийликти да, сотторду да эл өзү шайласа туура болот", - деди ал.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, саясий ишмерТемирбек Асанбеков, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан