Жалал-Абадда 51 жаштагы жаранды өз үйүндө өлтүрүп кетүүгө шектелген адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 51 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелген жаран бүгүн, 7-декабрда кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү менен каза болгон жаран окуя болгон күнү маркумдун үйүндө ичимдик ичип отурушуп, ортодо чыр чыгып, аягы өлүм менен аяктаган. Териштирүү иштеринде шектүү менен көз жумган жаран экөө тең үй-бүлөсү менен ажырашып кеткендери маалым болгон.

"Учурда тергөө иштери башталып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди" деп билдирет облустук милиция.

Эске салсак, кечээ, 6-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 51 жаштагы жарандын жансыз денеси өз үйүнөн табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
adilbars
2018-12-07 19:01:11
Акмак экен!
0
Matahara1980
2018-12-07 19:24:59
Дагы кобуроок иче тушкуло, алкаш болгон учун аялдары кетип калган да.
0
didu
2018-12-08 15:44:26
туугандарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан