Эсептөө палатасы КТРКнын каржылык ишин текшерип чыгып, 2016-2017-жылдары бюджетке 57 миллион сомдук зыян келтиргенин аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы Эсептөө палатасынын расмий сайтына илинди. Андагы маалыматтарга караганда, эфир убактыларын колдонуу боюнча келишимдерде бааларды төмөндөтүп көрсөтүп, андан түшкөн акча эфирдин убактысын да жаппай калган.
Мисалга BBC корпорациясынан бюджетке 1 миллион 568 миң сом түшпөй калса, "Азаттыктан" 6 миллион 281 миң сом түшпөй калган.
Ошондой эле Эсептөө палатасынын отчётунда “Тамашоу” берүүсүнө эфирдик убакыт Көркөм кеңештин макулдугусуз берилип турганы көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыгында бюджетке 1 миллион 394 миң сомдой акча түшкөн эмес. Андан сырткары эфирдик убакытты бартердик негизде берүүдө бюджетке 24 миллиондон ашык зыян келтирилген. Себепсиз шоу-концерттерге убакыт берүүдөн 13 миллион 852 миң сом чыгым болгону жазылган.
Ал эми 2016-жылы 8 камералуу көчмө студияны сатып алууда тендердин шарттары бузулганы жана бир катар кемчиликтерге жол берилгени көрсөтүлгөн.