Бүгүн, 16-июлда Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиаданын алкагында кыргызстандык күрөшчү Азиз Атабеков армениялык Арсен Жулфалакян менен килем үстүнө чыгат. Универсиадада бүгүн 60 килограммга чейинки, 74 килограммга чейинки жана 96 килограммга чейинки грек-рим күрөшчүлөрү беттешет. Азиз Атамбеков 74 килограммдык салмакта Кыргызстандын чемпиондугунун күмүш медалынын ээси. Белгилей кетсек, аталган армениялык балбан 2012-жылкы Лондон олимпиадасында кыргызстандык күрөшчү Данияр Көбөнов менен беттешип, аны утуп алуу менен алтын медалга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.