Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.
Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.
Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.
Бактыгүл Жээнбаева - 1960-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты. Учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы болуп, кийин Улуттук банктын төрайымы, 2011-2015-жылдары аталган мекеменин жетекчисинин орун басары катары эмгектенген. Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы болуп да иштеген. Ошондой эле 2016-жылдын декабрына чейин "Айыл банктын" башкаруучулар кеңешинин төрайымы болгон. 2018-жылдын июлунан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.