Азербайжан соту Бажы кызматынын издөөдө жүрүп кармалган мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду Кыргыз жерине өткөрүп берүүгө уруксат берди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан 10-декабрда тастыкташты. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, тийиштүү документтер даяр болгондон кийин Жунусов Кыргыз жерине алып келинет.
"Азербайжандын сот органдары Адамкул Жунусовду өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алды. Учурда дипломатиялык каналдар аркылуу тийиштүү документтер чогултулуп жатат. Ал даяр болгондон кийин Жунусов Кыргыз жерине алып келинет. Учурда ал Баку шаарында камакта отурат", - деди Анастасия Пискур.
Адамкул Жунусовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, ушул жылдын август айында издөө жарыяланган. Издөө иштеринин натыйжасында декабрь айынын башында Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармалды. Ал Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген.