Ырчы Гүлзат Мамытбек 40 талапка жооп берген миллионер күйөө тапты

Өзүн кыргыздын деми атаган ырчы Гүлзат Мамытбек турмушка чыгат. Мындай билдирүүнү ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу жасаган. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышканда ал америкалык режиссёрго турмушка чыгарын айтып, буларга токтолду.

"Мен америкалык режиссёрго турмушка чыгам. Буюрса, үлпөт тоюбуз АКШнын Голливуд районунда өтөт", - дейт ал.

Буга чейин Гүлзат Мамытбек күйөрмандарына кайрылып: "Менин кыялымдагы мырзаны жолуктурууга жардам бергиле. Эгер сен ошондой эркекти жолуктуруп калсаң, ага мен жөнүндө кабарлап кой. Ал деле мени издеп жүргөндүр. Экөөбүздүн табышып калышыбызга себепкер бол!" - деген. Анда болочоктогу жолдошуна 40 талап койгон. Алар:

1. Позитивдүү;

2. Перспективдүү;

3. Койгон максатына умтулган;

4. Шайыр;

5. Күч-кубаттуу;

6. Дайыма жылмайып жүргөн;

7. Бийик максаттарды койгон;

8. Адамдар менен бат тил табышкан;

9. Өзүн жана башка адамдарды сүйгөн;

10. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган;

11. Дайыма билим алууга умтулуп, өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеген;

12. Жаш балдарды аябай жакшы көргөн;

13. Келбеттүү;

14. Бою узун (170 сантиметр);

15. Камкор;

16. Берилип сүйгөн;

17. Жакшылыкты билген;

18. Англис жана чет тилдерде сүйлөй алган;

19. Бир нерсени тез өздөштүрүп кете алган;

20. Үй чарбасындагы иштерди жасоого жардам берген;

21. Менин эркиндигимди чектебеген;

22. Мага суктанган;

23. Менин баштаган ишиме колдоо көрсөтүп турган;

24. Акылман;

25. Терең ой жүгүрткөн;

26. Чынчыл;

27. Маданияттуу, сылык (мега маанилүү!);

28. Тыкан;

29. Чыгармачыл;

30. Тамеки чекпеген, алкоголдук ичимдиктерди ичпеген;

31. Жароокер;

32. Кумарлуу;

33. Мээнеткеч, жакшы жыйынтык үчүн иштеген;

34. Жеңилбес;

35. Ишенимдүү жана берилген;

36. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ;

37. Башка адамдардын позициясын жана диний ишенимин сыйлаган;

38. Менден да көп акча тапкан;

39. Жеке ою менен позициясы так болгон;

40. Миллионер болуп, миллион адамга жардам берем деген эркек болушу керек.


кошулду
Ырчы Гүлзат Мамытбек чет элдик режиссёрго турмушка чыгат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (61)
ayana16
2018-12-11 00:20:23
Элдерге тан калам да,откондо эле мактап аттынар элего баарынар эми жамандап калдынарбы
+1
nursultan.mamatkalyk
2018-12-11 01:13:24
Ошондон нары жоголуп кетчи "уруунду сактайм десен уулуна бер тарбия,
Улутунду сактайм десен кызына бер тарбия" илгертен демек атан жанылышыптыр сага тарбия берген!
+7
Elmira8084
2018-12-11 02:53:19
Миллионер куйоо тапты деп суйуно кетип ача койсом, еще в поиске экен го. Багы ачылып очор бачар болуп кетсе экен ушул, интернетке убактысы жок болуп.
+7
Kgda
2018-12-11 05:39:29
Кыргыздын демимин деп кыргызым деп журогу соккон Гульзат кантип Американецке турмушка чыканы атат демек калп эле кыргызым деп журчу экенда. Ээ эч кимге ишенип болбой калды азыр Алмаз Сокеге ишенгендей.
+5
admin_superstan
2018-12-11 08:14:56
Kulatov, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Zaina
2018-12-11 08:57:45
Как обычно, бизге эч нерсе жакпайт. Аябай жамандаш керек да, кетип кал, акылсыз, тиги, бу. Оозунардан жакшы соз чыкпаса, жок дегенде жаман соз айтпай эле койгулачы. Ал эмне, баарынарга карыз беле, кандай жашайт, кимге турмушка чыгат, ал озунун иши. Бактылуу болсун, каалаганын тапсын. Бир аз пейилди ондойлучу, ажылдап талабай.
-2
Take_men
2018-12-11 10:55:32
Иий күйдүргү ий күйдүргү
+1
Umakg
2018-12-11 11:48:25
Ким менен болсода бактылуу болсун ар бир аял затты,бирок мусульман болсо жакшы болмок...ушул жазганымды Ким окууса бактылуу болсун....
0
Asyl10
2018-12-11 12:39:40
Оой кайдагы куйоо,кайдагы эр,чырактай 3 баланды багып,отурбайсынбы ХХХХ. Сендей келиндер иштерин да жургузуп, балдарын да карап эле жашап жатышпайбы, 3 балан турганда ХХХХ барбы каяктагы эрге? Кийин балдарын чонойсо айтышат да,бизге тарбия бербей эле апам эр издеп талаалап, жургон экен деп.Озундун тил курстарын болгондон кийин ошолорду иштетип,балдарынды багып, Кудайыма шугур деп жат нары.Бир нерсени коргону калды бул айымча
+2
admin_superstan
2018-12-11 12:44:47
Asyl10, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган.
0
Asylai88
2018-12-11 13:35:14
Андай 40 талаптуу эркекти колун менен эле жасап албасан. Анын баары бир адамда болсо калганына не калат.
0
Eli.91
2018-12-11 13:59:08
Кыргызын сыйлабаган элин сыйлабаган жерин сыйлабаган динин сыйлабаган адам экенсин.Озун Мусульман болуп туруп кантип мусульман эмеске турмушка чыгасын?Кыргызмын деп эле кол которуп суйунбостон Мусульманмын деп да суйунсон болмок.Ата-эне жакшы тарбия бергенде дининда сыйлаганды жакшы билмек.
0
Kristianuronaldu
2018-12-11 20:57:47
Америкага кетип еми зыянын тийбей калаар бекен
0
Zaina
2018-12-12 06:14:32
Ичинерде ит эле олуп калыптыр. Америкалыкка чыгып жаткан эн биринчи кыргыз эмеспи:-)
-1
saltanat.
2018-12-14 13:34:29
Ким бул? Түшүнсөм өлөйүн...
0
kansuluu
2018-12-20 16:47:33
Биз Кыргызстандыктар оюбузду,журогубузду тазаламайынча эч качан онолбойбуз.Чонунан кичинесине чейин акылдуу.Таалим-тарбия жок,келечекти ойлоп коркуп кетем.Эмнеге жакшы созубузду,оюбузду аяйбыз,жакшы соз платный эмеско чиркин,мунозубуздун начарлыгынан,тушунугубуздун томондугунон Кыргызстандыктар чачырап дуйнонун ар бурчунда журобуз.Аялдардын жудогону,иностранецтерге турмушту чыгышы эркектерден коз каранды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан