Коюу туманга байланыштуу "Манас" аэропортунда учурда бир нече каттамдар кармалууда. Аэропорттун басма сөз кызматынын өкүлү Алия Курбанованын SUPER.KG'ге билдиришинче, аэропортто 150 метрден алыс жер көрүнбөй жатат.
"10-декабрь күнү кечинде коюу туман каптаган. Бүгүн, 11-декабрь күнү да эртең менен коюу туман каптап 150 метрден алыс жер көрүнбөй калды. Мындан улам Казакстан, Москва шаарынан учуп келе жаткан эки учак Ош шаарына, Түркиядан учуп келе жаткан эки учак Казакстандын Алматы шаарындагы аэродромго конду. Андан сырткары Бишкектеги "Манас" аэропортунан Москва, Грозный, Стамбул, Баткен, Үрүмчүгө кетчү учактар кармалууда. Элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз", - деди Курманова.