50 миң доллар пара менен кармалган чиновниктин иши: Транспорт жана жолдор министри "моралдык жоопкерчилигим бар" дейт

"Орун басарымдын 50 миң доллар пара алган факты боюнча менде моралдык жоопкерчилик бар", - деп бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

"Жоопкерчиликтүү адам мыйзам бузууларга барса, тергөө мунун баарын тастыктап берет деген ойдомун. Ошондо кимдин канчалык кийлигишүүсү бар экени билинет. Ал эми отставкага кетерим тууралуу силерден биринчи жолу угуп жатам", - деди Калилов.

Буга чейин министр Жамшитбек Калиловдун орун басары Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда УКМК тарабынан кармалып камакка алынган. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Транспорт жана жолдор министринин маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айында Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы утуп алган. Ал 70 чакырым жол Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасынын 3-участогу болуп саналат. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссия курамында Финансы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш жана биздин кызматкерлер болгон.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов SUPER.KG'ге пара менен кармалган орун басары министрликте коррупцияга каршы күрөштүн башында турганын билдирген.

Министр: "Моралдык жоопкерчилигим бар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан