Кечээ, 11-декабрда ырчылар Асема Токтобекова жана Гүлнур Асанова сулуулук салондорун ачышты. Анда ырчылардын чыгармачылыктагы достору, туугандары жана жакындары келип куттуктап, жылуу сөздөрүн арнашты.
Асема Токтобекова сулуулук салонун өзүнүн атынан атаса, Гүлнур Асанова таенесинин атынан "Салкынай" деп атаган. Анын айтымында, салондун ачылышы бүгүнкүгө пландалган эмес. Бирок айылдан апасы келип калгандыктан, ага сюрприз болсун деген ойдо бүгүн ачууну туура көргөн.
Ал эми Асема Токтобекова курбусу Гүлнур Асанова да бүгүн салон ача турганын билбегендигин айтат.
Чыгармачылык менен гана чектелбестен, бизнеске киришкен ырчылардын салондорунун ачылышын көрүү үчүн төмөндөгү видеоматериалга баш багыңыз.