Ош шаарындагы тойканалардын биринде белгилүү Улакчы Манас Ниязовдун үйлөнүү-үлпөт тою өтүүдө. Ал бүгүн сүйүктүүсү Назира менен никеге турду. SUPER.KG порталына Ниязов тастыктагандай, келинчегинин кыз узатуу тою 11-декабрда болгон. Бүгүн эки жаштын үлпөт тою курбу-дос, тууган-урук, санаалаштарынын курчоосунда Ош шаарында орун алды.
25 жаштагы улакчынын келинчеги Назира 19 жашта. Ал Өзгөндүн кызы болот.
Манас Ниязов Кыргыз өлкөсүнүн курама командасына кирип, Көчмөндөр оюндарынын мыкты улакчысы аталган. Ошондой эле ал Оштун "Достук" командасында ойноп, бир нече жолу Өлкө биринчиликтеринде алдыңкы орундарга ээ болуп келген.