Куудул Абды Кадырматов Казакстанда өткөн "Аалам азили" фестивалына катышып, ал жерден орусиялык куудул Евгений Петросянды Кыргызстанга чакырганын айтат

Куудул Абды Кадырматов Казакстанда өткөн "Аалам азили" аттуу эл аралык фестивалга катышып келди. Фестиваль Чымкент шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн атынан ондогон куудулдар катышты. "Фестивалга Орусиядан Евгений Петросян, Карен Аванесян, Өзбекстандан Мирза Холмедов сыяктуу атактуу куудулдар катышты. "Мен эркин номер тартууладым, элдин алдына чыгып "мен бүгүн Петросяндын алдында өнөр тартуулап жатканым үчүн бактылуумун" деген жөнөкөй сүйлөмдөрдү айтып, муну кайра орусчага которуп сүйлөп берсем көрүүчүлөр кыраан-каткы эле түшүп жатышты. Петросян өзү да ордунан тура калып ыраазычылык билдирди",- дейт Абды мырза. Ошондой эле куудул Петросянды Кыргызстанга чакырганын, ал "мен картайып чет өлкөгө көп чыкпай калдым. Ошентсе да бул сунушту ойлонуп көрөйүн" деп айтканын кошумчалады. Фестивалдын бардык катышуучулары диплом, баалуу белектер берилгенин да айтты Кадырматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eldiyarmacho
2013-07-16 20:52:40
kelsin kelsin kuchak jayip tosup alat kg elim . Bul kiwinin onoru kuchtuda
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан