Өкмөттөгү Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктын себебин айтты

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 13-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин бирин кароо уланууда. Сот отурумунда өкмөттүк аппараттын Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Оморов суралууда. Оморов ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык болгон учурунда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

Ал ЖЭБдеги кырсыктын келип чыгышына себеп болгон жагдайларды атады.

“Өндүрүштүк кырсык ЖЭБдин жабдыктар жайгашкан бөлүктө терезелердин, чатырдын жоктугу, нөөмөттөгү кызматкерлердин жөнгө сала албай калышы жана суу жылытуучу цехтеги суунун жетишсиздигинен келип чыккан”, - деди ал.

Оморов Бишкек ЖЭБдеги маселе күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында көтөрүлбөгөнүн кошумчалады.

“Республикалык штабды өкмөт башчы жетектейт. Ал эми электр тармагындагы ишканалардын жетекчилери жана мамлекеттик тийиштүү органдардын жетекчилери ага мүчө болушат. Жалпы жонунан штаб кырсыкка чейин төрт ирет жыйын өткөргөн. Бирок ал жерде ЖЭБдеги маселе көтөрүлгөн эмес”, - деди Оморов.

Ишти судья Эмилбек Кайыпов карап жатат.

"Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилген чыгымдар боюнча энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан