Депутат Рыспаев: "Кол тийбестигим бар деп эле кылмышты жасап коюп жүрө берген болбойт. Мыйзам баарына бирдей болушу керек"

Бүгүн, 13-декабрда парламенттик жалпы жыйында экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Анда депутат Кожобек Рыспаев экс-президенттин, депутаттын жана жөнөкөй жарандын укугу мыйзам алдында бирдей болушу керек деди.

"Экс-президент, мамлекеттик кызматта отурган чиновниктердин жана жөнөкөй жарандын укуктары мыйзам алдында бирдей болушу керек. Мен бул мыйзам долбоорун колдойм. Сөздү сүйлөп коё берсе болот. Бирок кылмыш жасаган бул эки башка иш. Кол тийбестигим бар деп эле кылмышты жасап коюп жүрө берген болбойт. Конституциялык палатанын пикирин да угуп, биринчи окууда концепциясын колдоп берели", - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан