Бишкек ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары: "Жабдыктар жайгашкан корпустун терезе жана чатыры бүтүн болгондо жагдай башкача болмок"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Айыпталуучулардын жактоочуларыБүгүн, 13-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин бирин кароо улантылды. Бүгүнкү отурумда үч адам күбө катары суралды. Алардын бири Бишкек ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары Павел Иконников болду. Иконников 2018-жылдын 26-январындагы өндүрүштүк кырсык учурунда ЖЭБде техникалык жана өрт коопсуздугу багытында адис катары иштеген.

Ал сот залында отурган жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатып өндүрүштүк кырсыкка эң алгач аба ырайынын төмөндөп кетиши себеп болгонун белгиледи. Эгерде жабдуулар жайгашкан корпустун терезе жана чатырлары бүтүн болгондо кандайдыр бир мүчүлүштүктөрдү жөнгө салып кетүүгө мүмкүн болмок экенин айтты.

"Кырсык болгонго чейин 1-2 күн мурун деле сыртта аба ырайы суук болчу. Бирок ЖЭБге таасир эте алган эмес. 26-январь күнү эртең менен суу жылытуучу цехтеги суунун температурасы түшкөн. Жабдуулар жайгашкан корпустун ичиндеги температура дагы төмөндөп кеткен. Бирок ошол күнү күндүн экинчи жарымында деле баары жайында болчу. Бирок кийин ишти улантуу үчүн суу жылытуучу цехтеги суунун калбай калышы менен биз жалпы иштеп жаткан 9 от казандын ичинен 6 от казанды өчүрүүгө аргасыз болгонбуз. Жыйынтыгында кемчиликтер пайда болгон", - деди Иконников.

Жумуш убактысы бүтүп калгандыктан судья сот отурумун 18-декабрда улантууну чечти. Кийинки сот отуруму Иконниковдун жактоочулардын жана айыпталып жаткандардын суроолоруна жооп берүүсү менен улантылат.

"Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилген чыгымдар боюнча энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza17
2018-12-14 00:20:26
'
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан