super.kg logo

Бишкектин тургуну дарыгерлер төрөтканада акча сураганына, менчик клиникаларга жөнөткөнүнө нааразычылыгын айтты

 

Ар бир төрөткананын кире беришинде "Төрөт бекер" деген жазуу илинип турат. Бирок ал нерсе сөз жүзүндө гана экенин 2 ай мурун уулдуу болгон Ырысбек SUPER.KG порталына айтып берди. Ал төрөт үйлөрү гана эмес, балдар ооруканасында да менчик клиникалардын кардарына аргасыздан “милдеттендирилгенин” айтып, ата болгондон бери моюнуна түшкөн түйшүктөрү тууралуу кеп салды.

9-октябрь күнү Ырысбек жубайы Айгерим (аты өзгөртүлдү) менен ата-эне статусуна ээ болушкан.

“9-октябрда Бишкектеги №1-төрөт үйүндө жубайым көз жарды. Жубайым көз жарары менен анын төрөтүн кабыл алгандар тарабынан "сүйүнчү" дегенге туш болдук. Эгер ушунча акчабыз кетерин билсек, менчик клиникага эле алып бармакмын. Биздин өлкөдө карапайым калк өзү акча берип отуруп жаман көндүргөнүн моюнума алам. Эгер менин жакшы маяналуу, туруктуу жумушум, үстүбүздө үйүбүз болсо, бул маселени көтөрүп чыкмак эмесмин. Апам пенсионер, бир тууган иним студент. Кээде баарына жетишүү үчүн күнү-түнү иштегенге туура келет. Аялым көз жарган түнү жанымда жол киреге деген гана акчам бар болчу. Жубайым экөөбүз сүйүнчүсүн эртең менен берели деп жагдайыбызды түшүндүрдүк. Жаштыгыбызданбы, эртеси күнү сурабайт деп ойлодук. Бирок күтүүсүздөн жаңы төрөлгөн ымыркайым менен жубайымды коридорго жаткырып коюшту. Мен “эмнеге коридорго жаткырдыңар?” десем, “орун жок” деп орой жооп беришти. Ага да кайыл болдук, бир маалда тазалык кызматкери болуп иштеген эже келип “мен аялың менен балаңды каралашып турам” деп сүйүнттү. Кубанганымдан чөнтөгүмдөгү акыркы 200 сомду анын колуна карматтым. Ал албайм деп каршы болду, бирок башка жакшы мамиле кылган адамга туш болбогонумдан болбой акчаны анын чөнтөгүнө салдым. Акчам жок, түнкү саат 3тө үйүмө жөө келдим. Коляска, бешик алабыз деп бекиткен 7 миң сом акчабызды алып кайра төрөт үйүнө жөнөдүм. Кайра барсам алгач киргизбей, бирок мен акча бергенге келгенимди айтканда эшикти дароо ачышты", - дейт жаш ата.

Анын айтымына караганда, ал акча алып келген маалда анын жубайын палатага которуп коюшкан. Ал педиатрга миң сом берип, калган акчаны аялына карматып үйүнө кетет.

"Эртең менен аялымды төрөткөн дарыгерлер өздөрү палатасына барганда акчасын алган экен. Төрөт үйүнөн чыгарып жатканда да акча бериш керек экенин угуп, эки дарыгерге 500 сомдон берип чыгып кеттик. Арадан 3 күн өтүп үйгө эне-баланы текшерүү үчүн үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгери келди. Ал балабызды көрүп, денеси саргайып (желтуха) кеткенин айтты. Ошентип шаардык балдар ооруканасынын патология бөлүмүнө барып жаттык. Эртеси күнү анализдерден уулумдун билирубини (дененин саргаюусу өт пигменти, канда жана ткандарда топтолушунан теринин, көздүн агы жана былжыр челдин саргарып кетиши) 490 экени аныкталып, дароо жандандыруу бөлүмүнө которушту. Ал жакта 10 күн жаттык. Дарыгер "кымбат баалуу дары керек, мүмкүнчүлүк болсо алып келгиле" деди. Билирубинди нормага түшүрө турган бир эле Октагам деген дары бар жана баасы 6 400 сом экен. Ал шаар ичинде бир эле жерде сатылат экен. Дарыгер мага дарынын аталышын жазып бергенде Ахунбаев жана Ч.Айтматов кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканада гана сатыларын айткан. Бирок мен жолдон бир нече дарыканага кирдим, ал дары жок болуп чыкты. Дарыгер берген кагазды көрсөтсөм, фармацевт “Балдар ооруканасынан келдиңерби же Жалданбы” деп сурады. Бул дарыгерлер менен дарыканалар иштешкенин далилдейт, алар ортодон өз пайыздарын алганына көзүм жетти. Андан да кызыгы, ал дарыны уулума тамчылатма аркылуу бергенде дарыгер аны аялыма көрсөтпөй койгон экен. Ал дарыны алгандан кийин дарыгер эртеси менчик клиникага кан тапшырганга жиберди. Анда да уулум өзүнчө, аялым өзүнчө анализ тапшырышы керек болчу. Бирок мындай анализди мамлекеттик ооруканадан деле алса болот го. Эртеси күнү бир инфекцияны аныктоо үчүн дагы менчик клиникага жиберди. Мен ага ачууланып айтсам, “анализдин жыйынтыгы мага эмес, силерге керек” деген жооп уктук. Мен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун "113" номуруна чалып, бул тууралуу билдирдим. Эртеси күнү дарыгерлер кечирим сурап, өздөрү анализ аларын айтты", - дейт дарыгерлерге нааразы ата.

Жаш атанын айтымына караганда, муну менен эле көйгөй бүткөн эмес. Денесинин саргаюусун токтотуу үчүн ымыркайды лампанын алдына жаткыруу керек болгон. Ал жерде да талаш-тартыш болуп, ымыркайлары үчүн кезек талашкан энелердин урушуна күбө болгон. Анын ачууланганы 6 400 сомго алган дарынын эч кандай жардамы тийбегени болгон.

"Эки жумалык алышуудан кийин үйгө чыгарышты. №2-үй-бүлөлүк борборго каттоого турдук. Педиатрга жолугарыбыз менен ал бизди кайра менчик клиникага жиберди. "Кортекс" аттуу менчик клиникага баланын баш мээсин тарттырышыбыз керек болчу. Эртеси күнү мен дагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чалдым. Ал жактан дароо үй-бүлөлүк борбордун директоруна байланышка чыгышыптыр. Мен педиатрга барсам, ал ордунда жок экен. Борбордон өзүндө деле баланын баш мээсин тартууга шарттар бар экенин билдиришти. Директордун орун басарына кирсем, ал “Медициналык камсыздандыруу фондуна чалбай эле койсоң болмок” деп педиатр менен сүйлөшүп, мындай нерсе кайталанбашын айтарын билдирди. Ортодо уруш чыкты, натыйжада ал жактан уулумду каттоодон чыгарууга туура келди", - дейт Ырысбек.

"Төрөт бекер... "

Бул тууралуу маселени айтып, төрөт үйүндө же үй-бүлөлүк борбордон акча талап кылып, менчик клиникага анализ тапшырууга жибергенге укуктары барбы деген суроо менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык. Министрликтин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, бардык мамлекеттик төрөтканаларда төрөт бекер. Эгер акча талап кылышса, ар бир төрөт үйүнүн кире беришинде тиешелүү мекемелердин номурлары көрсөтүлгөн, ошол жактарга кайрылышса болот. Мамлекеттик төрөт үйүндө же ооруканада керектелүүчү дары-дармек жок болгон учурларда дарыгерлер мүмкүнчүлүктөрү болсо сатып алууну өтүнүшөт. Ошондой эле кайсы бир изилдөөнү жүргүзгөнгө тиешелүү жабдыктар жок болсо, менчик клиникага жиберүүгө туура келет", - дейт Асылбашева.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(43)
15.12.2018. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
03-06-2018
Соӊку аракети:
14-01-2019 23:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Ушул наристеден акча ондуром дегенден коро арам эле олуп калсанар болмок!!
16.12.2018. 18:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
07-09-2011
Соӊку аракети:
23-12-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
zhanybekov030303,Торотканада иштегендер тилемчи эле болуп алышкан биринин артынан бири СУЙУНЧУ бер СУЙУНЧУ бер. бер . бер ....
15.12.2018. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
03-06-2018
Соӊку аракети:
14-01-2019 23:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ээ жаратканым олкобузго кучтуу ыймандуу башчы насип кылчы суранам!!! Тойдук,бутту, жададык ушундай арам оюнардан канча деген адамдар жакыр жашап атат!!!!!! Тозоктун чогуна тонкоюшунарды каалайм!!! Арам акча менен иштегендер жана болуп жаткан окуяга билмексен болгондорго!! Бул олко башчы билет баарын бирок тымпыйып суйлогондон башка эч нерсе билбейт экен даана билдим мен дагы тунулдум уже!!!! Кыргызстандан кетпесем болбой калды!!!!
15.12.2018. 14:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
zhanybekov030303, акчаны өлкө башчысы бер дедиби? Жогоруда эл өзү берип көндүрүп алышкан деп атат. Бер деп эч ким айтпайт. Ушундайлар менен күрөшпөй кетсең кет, бирок күрөшкөндөр күрөшүп бүткөн соң баары жакшы болгондо келбе!
15.12.2018. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
03-06-2018
Соӊку аракети:
14-01-2019 23:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bayana1987, сен курошом десен турмонун тубуно чиритип койот анан кийин айтасын Бир кезде супер инфо газетасынан бир окурмандын аркасынан кетпей деп!! Ийгилик анда
15.12.2018. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
02-07-2011
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:13
Жынысы:
Белгисиз
+22
bayana1987,бербесен карабаса айла жок бересинди булар гиппократтын антын ичпей еле ешектин сийдигин ичкен катуу айтсам кечиресинер бирок айтууга туура келди мындай себептер менде да болгон.
16.12.2018. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:23
Жынысы:
Белгисиз
0
bayana1987,сен өзү төрөдүн беле,бер деп эле айтат, берсең аз деп,ээ сен айдан келдиңби
15.12.2018. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
23-01-2019 09:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр баардык нерсе продажный, эң лучший дарыгер частныйлар а мамлекеттик дегендердин баары сатылып бүткөн, суроо баскан турган сүйлөгөнү буз да акча болуп калат.
16.12.2018. 08:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
nazarnew,каякта лучший?Акча алыш учун эки колун оозуна тыгып алышат
15.12.2018. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
03-06-2018
Соӊку аракети:
14-01-2019 23:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Андай болду менин дагы туулган кунумду чыгаргылачы? Бул окурманыбыз туулган кунун москвадан иштеп откозот экен деп!
15.12.2018. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
18-08-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ала-Тоо...
+17
Кыргызстандагы врачтар өтө заар, өтө корс сүйлөшөт, бейтаптарды адам ордунда көрүшпөйт. "Акчаны эртең берем, бүгүн операция жасай бериңиз" десең, наглый эле сыртка чыгарып коюшат, эртең акчаң менен кел деп. Төрөт канадагылардын да көздөрү кызарып төрөлгөн баланын атасынан 500 сомдон кем сүйүнчү алышпайт.
15.12.2018. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
18-08-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ала-Тоо...
+8
Ушундайда смартфондун диктофонун же видеосун жандырып коюш керекта, анан соцсеттерге таратып ийиш керек жүздөрүн ачып.
15.12.2018. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:48
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен бир окуяны айтып берейин озу го кр торогондон коро Россия жакшы котунон бери оздору жууп тазалап торотко даярдап ан киргизет акырында акча деле сурашпайт озунун суйунгонунон 500-1000которуп чыккан медсестрага чонтогуно салып коесун а так сурашпайт деле
15.12.2018. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Benazir08, Россияда врач болуу да жеңил.Экзамендерде бир тыйын сурашпайт ошого жараша окуйсуң өзүңда. Акча кетирбей бүтөсүң, врач болосуң сенда акча албайсың эч кимден. Бизде баары окуу жайдан башталат. Өзүм 2-курста окуйм. Бир модулда болбоду дегенде 7000 кетет. Канча окуп аракет кылсаңда хочешь не хочешь бересиң мугалимдер наглый эле айтышат"ушунча сом" деп. Ушинтип миллиондорду кетирип окуйбузда анан иштегенде контракты акташ керек болуп акча деп калабыз.
bek_tash түзөттү 2018-12-15 15:35:29
15.12.2018. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
19-04-2017
Соӊку аракети:
02-01-2019 15:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекен Чегинде
+7
bek_tash, Баарын билсең дагы акча сураса неге арызданбайсыңар?
Билбейсиңер дагы акча алат деп коёсуңар, контаргыңы актайм деп иштесең акча коротуп окубай эле кой. Мугалимге акчаны берип алып кайра жаны ооруган адамдардан акча талап кылып! Сен бала эл үчүн иштейсиңби же кетирген росходтуңду акташ үчүнбү?
Defend. түзөттү 2018-12-15 16:09:40
15.12.2018. 16:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Defend., мен жалпы келечек, азыркы студенттер жөнүндө айтып жатам. Именно өзүм ошентем акча үчүн иштейм деген жерим жок. Байлыгым кенен кудайга шүгүр кетирген акчаларыма күйбөйм деле. Кызыкканым үчүн окуп жатам акча үчүн эмес. Аллахым ден соолук берсе ийгиликтүү бүтсөм элим үчүн иштейм бирөөнү нааразы кылып алган бир тыйында жукпайт.
15.12.2018. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
19-04-2017
Соӊку аракети:
02-01-2019 15:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекен Чегинде
+8
bek_tash, Вот эми өзүңө келдиң.
15.12.2018. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+2
Defend.,Бир тыйын бербей тырышып окуган кызды билем. Контрак төлөчү болгону. Мугалим сураган маалда такылдап жооп берчүү. Андай студенттерди мугалимдер деле сылашат. Зачет автомат койушат. Акча берген студенттердин бир мандеми бар. Кантип эле баарына такалбай жооп берип турсан акча десин. Калп эле мугалимдерди жаман аттуу кылбасанар ээ?
16.12.2018. 00:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
06-12-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
jaskaaa,ал менин келинчегим болсо керек))
15.12.2018. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:48
Жынысы:
Белгисиз
0
bek_tash,врач женеи жайкы сессияда уйуно мебель алды кышкыда дагы бирдеке алды азыр агай эжейлер да атандашып ар сессияда ар кандай нерсе алат экен артистердей бири бирине атандашып кыскасы азыр баарыдык жерде жеп ичмей жашоо экен тоба кара баштарын жутсун кудай жазаласын эки эсе кылып
15.12.2018. 18:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
25-02-2012
Соӊку аракети:
18-01-2019 00:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+2
bek_tash, анда Сиз озунуз окубайсыз го сабакты, бир сом бербей эле бутконбуз
15.12.2018. 23:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
forever88, Сиздин убагыңызда ошондой болсо керек эле(же өзүңүз мугалимсизбии))).А, азыр андай заман эмес. Канча аракет кылып, окуп, жазып барасың алар "0,6" " 0,5" деген бааларды коюшат(бир эле мен эмес, баарына эле ошондой). Анан кантип акча бербей бүтүрө алмак элек...
bek_tash түзөттү 2018-12-15 23:21:47
16.12.2018. 08:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
bek_tash,коп окшотпочу сен да, бюджетте карындашым окуйт,башын которбой сабак кылат,акча бербей оз кучу мн эле окуп жатат.Окуй албагандар акча берет бул чындык.
16.12.2018. 08:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Benazir08,кот дебей бир аз кагазга ороп жазчы,айым экенсин дагы.
15.12.2018. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
02-07-2011
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:13
Жынысы:
Белгисиз
+10
4- горбалницадагы еже 1000 сом берсен менин ставкам 200 доллар дейтко. Оздоруно ставка койгонуна куйосун супер инфо ушундай ежелердин ставкасын бир чынарып койсонор жакгы болмок.
15.12.2018. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
10-01-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:25
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менда экинчимди торогондо,Кудай бир сыноо берген экен,чындыгында акчабыз жок эле,эртен беребиз деп,ушул бойдон сурабаса керек деген ойдо,кайра кайра палатага кирип сурай берген элдин козунчо,как будто каарыз алгандай кыжаалат кылышкан адамды.Док уруп алат.
15.12.2018. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
245
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
17-12-2018 04:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балык башынан сасыйт дейт. Министрликтегилерге ар ай сайын ооруканалардан акча жыйналып, "чай пул" деп берилип турат. Ошого булар да врачтардын "артын" жаап келет...

Кайсы бир анализ лууга жаблыгы жок болсо жеке менчик клиникага жонотушот дептир. Бир мамлекеттин ооруканаларында жок жабдык жеке клиникада эле бар бекен?! Калп!!! Анализ ж.б. мам.ооруканалардан эле алса болот, бирок акча иштетуу учун менчик ооруканаларга жиберишет. Кыскасы баштан аяк клррупция!!!
15.12.2018. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
27-10-2014
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:01
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызды кыргыз,кытай эмес кыргыз жок кылат!
Кыргыздын туулганыда азап, уйлонгонуда азап,олгонуда азап.
15.12.2018. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+2
chet-kyzyl,Туптура айтыныз. Бири-бирибизге жылуу көз карашты да ыроо көрбөйбүз.
15.12.2018. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен кош бойлулуктун 20жумасында центральная предлежания планцета деген диагноз койуштуда 4роддонмго жиберишти барсам кабыл албай койушту бул деген ото опасный профессордун козомолундо болсун анан кесерова мн торойт маткасын алып салуубузга туура келет деп куйом экообузду санаага салышты ишенсениздер кантип торойм ишенген 4роддом мени тороткондон баш тартып жатса ким кайсы роддомдо торойм деп 37жумага жеткенче ойлоно берип чачым бир сети агарып кетиптир болбосо оздорундо Макен Субанович деген про
15.12.2018. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
профессор бар экен аны айтышпады менимче акча улууну коздошконго биз кетип калып 2роддомдон кесерова жолу мн аман эсен торотуп алышты бирок 10 поликлиниканын врачтары кызыбызды н башын узи анализ невропотологго часныйга жиберип акчабызды соруп эле алышты
15.12.2018. 19:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
648
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коррупция торолгонунон башталып кбырга чейин онуккон. Биздин Кыргызстан качан онолот?...
15.12.2018. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
22-04-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда ушундай жакшы карайт, 2 жолу олумдон куткарып алышкан торотум катту болуп би р тыйын тыйын сураган жок. Ушундайларды угуп мекенине барып жашаштан коркосун. Эч ким оорубасын врачтарга ынсап ыйман берсин, акыретти да ойлонгула.
16.12.2018. 04:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
+1
Мен чондорумду мекенде тородум
Эки кичинемди Италияда тородум
Айырмачылык ат менен тоодой.
Сарысы кетпей роддомдон чыгарышкан жок
Лампага жаткырышты, айта берсем толтура
Аябай ыраазымын .

Ошо кичинем менен кайра мекенге барып жашаган жеримден справка алып барсам прививканы котортуп келсенер анан учетко алабыз деди.

Учетко алып, анан айтса да болмок негизи.

Билбейм закон бизде катуу иштейт го
16.12.2018. 04:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
408
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айта берсен Арман коп. Бала учун айла жоктон беришке туура келет экен.
16.12.2018. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 17:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дарыгерлер торотканада ач карышкыдай элего козу кызарып акчадан башканы корбойт!
16.12.2018. 09:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
22-01-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунун баары барып эле айлыктын аздыгына такалат. Алгандары 4000, 5000 болсо кайдагы жоопкерчиликти сезсин. А Россияда айлыктары 40000, 50000 ошого да жоопкерчиликтүү мамиле кылышатго дейм. Менин бир тууганым да россияда төрөп ымыркайы операция болуп 10күн больницада жатып чыгышты 1тыйын алган жок.
16.12.2018. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай мендеда болгон келинчегим бойунан тушуп Фучикага алпарсам алжактан врач жок деп жеке частныйларга жоноткон адресин жазып берип
16.12.2018. 11:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
12-03-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай буйурса жетекчи болойун корсотом баарына арам тамактар
16.12.2018. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
29-12-2018 01:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун биздин жарандар башка мамлекетке качып баратат бул нерсе да башка мамлекеттен жарандык алууга туртку берет.. Рахмат президентке Жана куч органдарына силер иштеп атасынар кыргыздар онугуп атат...
16.12.2018. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
+1
Мен 2 жыл мурун ушуга окшогон окуяны супер инфого жонотком, балага деп жазып берген дары балага таптакыр тиешеси жок дары болуп чыккан. Суроттору менен жонотсом чыгарышкан эмес.Сокулуктун роддомунда торогон энелер болсо баары эле билет. Жазып берген дарыларын албасан чыгарбайбыз, выписка жазбайбыз дешет.жазып берген рецептерин алпарсан коробкасынан айрып калышат дагы аптекаларга алпарып процентин алышат экен.Бул жанылык эмес элдин баары билет.Суйунчусу башка...
16.12.2018. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
438
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекер деген эле аты болбосо бекердин атасы олуп калган заман.Ар бир кабинете торотканаларга видео камера коюуу зарыл.Оолугуп баратышат врачтар.Ортодо буларда байланыш бар.Болбосо ошончолук кымбат болмок беле,ортоктоштор копда.
16.12.2018. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
07-09-2011
Соӊку аракети:
23-12-2018 19:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Торотканада иштегендер тилемчи эле болуп алышкан биринин артынан бири СУЙУНЧУ бер СУЙУНЧУ бер. бер . бер ....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121132;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: