Белгилүү британиялык музыкант Пол Маккартнинин үйүнө уурулукка киргендер изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар полиция кызматкерлеринин берген билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, окуя ырчынын Лондондогу үйүндө орун алган. Уурулар Пол Маккартнинин Ливерпулдагы концертинин алдында үйүнө киришкен. Тагыраагы, жума күнү Лондон убактысы менен кечки саат 6:20да болгон.
Пол Маккартнинин жакындары каракчылар үйгө кирген учурда кожоюн, анын жубайы үйдө болгонун же болбогонун, алардын абалы тууралуу билдирүү жасабай турганын айткан.
Ал эми полиция кызматкерлери ырчынын үйүнөн эмне уурдалганы тууралуу коомго маалымат берүүдөн баш тарткан. Учурда полиция кызматкерлери ууруларды издөө аракеттерин көргөнү менен, жыйынтык болбой жатканы жазылат маалыматта.