Кыргыз-Тажик чек арасында жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, жер титирөө 16-декабрь күнү саат 19:20да Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чектешкен аймагында катталып, күчү очогунда 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Лейлек районунун Арка айылында 4 баллга, Достук айылында 3,5 баллга, Кулунду, Кайрагач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала алынган маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирди.